Кыргызстан жаратылыш байлыктарын коротпой, киреше табат – Жаратылыш министрлиги

Кыргызстан жаратылыш байлыктарын коротпой, киреше табат – Жаратылыш министрлиги

Кыргызстан жер казынасынан жана башка ресурстарын коротпой, тескеринче киреше табат. Бул тууралуу жаратылыш министри Мелис Тургунбаев Бишкек суу форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жаңы улуттук суу стратегиясын ишке ашырууда жаратылыш чөйрөсү улуттук мурастын эң баалуу компоненти катары коомдук мамилелер системасына киргизилет.

«Кыргызстан жаратылыш менен гармониялуу жанаша жашоого негизделген жаңы экономикалык моделди курат. Жаратылыш ресурстары бюджеттин чыгаша бөлүгү болбой калып, киреше бөлүгүнө өтөт», - деди министр.

Ал кошумчалагандай, экологиялык туруктуулук өлкөнүн экономикалык өсүшү менен камсыздалат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-тажик чек арасында мал аткезчилигине бөгөт коюлду

Кыргыз-тажик чек арасында мал аткезчилигине бөгөт коюлду

16-июнга караган түнү Баткен районундагы Курук-Сай айылында Кыргызстандан Тажикстанга 17 баш бодо малды мыйзамсыз айдап өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, саат 00:30 чамасында Баткен чек ара отрядынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын зым тосмосу алдын ала кесилип, эки адам 17 баш

“Манас” аба майданынын аянты 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө

“Манас” аба майданынын аянты 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө

МинКаб Төрагасына аба майдандын инфраструктурасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди, ал учуу коопсуздугун жогорулатуу, өлкөнүн транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эл аралык авиациялык картадагы позициясын бекемдөөгө багытталган. Аба майдан комплексин масштабдуу оңдоп-түзөөнүн алкагында терминал 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Курулуштун бардык фазалары аяктагандан кийин терминалдын жалпы аянты болжол

Таласта коон – дарбыз саткан жайлар текшерилди

Таласта коон – дарбыз саткан жайлар текшерилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Талас облусу боюнчарегиондук башкармалыгы, Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти жана ветеринардык-санитардык лабораториясы менен биргеликте Талас району жана Талас шаарында коон жана дарбыз саткан соода жайларына текшерүү жүргүзүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө атайын нитрат-тестерлердин жардамы менен продукциялардын нитраттык көрсөткүчтөрү текшерилди. Ошондой

"Бала ырысы" жөлөк пулу кандай тартипте төлөнөрү белгилүү болду

"Бала ырысы" жөлөк пулу кандай тартипте төлөнөрү белгилүү болду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу тартибин түшүндүрүп берди. Билдирүүгө караганда, жөлөк пулдун өлчөмү ар бир бала үчүн ай сайын 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган жарандар үчүн жөлөкпул