Кыргыз-тажик чек арасында мал аткезчилигине бөгөт коюлду

Кыргыз-тажик чек арасында мал аткезчилигине бөгөт коюлду

16-июнга караган түнү Баткен районундагы Курук-Сай айылында Кыргызстандан Тажикстанга 17 баш бодо малды мыйзамсыз айдап өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 00:30 чамасында Баткен чек ара отрядынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын зым тосмосу алдын ала кесилип, эки адам 17 баш бодо малды Тажикстан тарапка айдап өтүүгө аракет кылып жатканын аныкташкан.

Чек арачылардын токтотуу тууралуу мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жарандар аракетин улантышкан. Натыйжада наряддын улук жоокери эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бирок шектүүлөр кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, чек арачылар кырдаалга ылайык курал колдонууга аргасыз болушкан.

Окуянын кесепетинен чек араны мыйзамсыз бузууга аракет кылгандардын бири бутунан жаракат алган. Ага чек арачылар тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен шаарындагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.

Кармалган жарандар андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Учурда окуя боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында бодо малды жана майда жандыктарды өлкө аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынган. Мындай чечим өлкөдө эттин баасынын өсүшүнө байланыштуу кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media