Кыргызстандын ирригациялык инфраструктурасы жарымы эскирген

Кыргызстандын ирригациялык инфраструктурасы жарымы эскирген

Кыргызстандын ирригациялык инфраструктурасы эскирип жана жаңыланууга муктаж. Бул тууралуу Бишкек суу форумунун жүрүшүндө айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов билдирди.

Анын айтымында, чарбалар аралык каналдардын узундугу 5.9 миң чакырымды түзүп, анын 40% жаңылоону талап кылат. Коллектордук-дренаждык тармактын узундугу 1.2 миң км, анын 48% эскирген.

Мында гидротехникалык имараттардын саны 7.7 миң бирдикти түзөт, анын 74% модернизациялоону талап кылат. Кыргызстандагы 33 суу сактагычтын баары жаңыланууга муктаж.

«Суткалык жана он күндүк суу сактагычтын саны 60га жете. Алардын ар бири модернизацияга муктаж», - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Скутер жана мопед айдоочуларына камералар боюнча эскертүү берилди

Скутер жана мопед айдоочуларына камералар боюнча эскертүү берилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы скутер жана мопед айдоочуларына жол эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертти. Маалыматка ылайык, коомдук жайларда орнотулган “Коопсуз өлкө” долбоорунун камералары күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп, жол эрежелерин бузган учурларды автоматтык түрдө каттайт. Мындан тышкары, видеокөзөмөл системалары мыйзам бузуу фактыларын аныктоо менен катар жүздөрдү таануу мүмкүнчүлүгүнө да ээ

37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү

37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү

Бишкекте 37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү.Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 18-июнь күнү саат 12:00дөн тарта түшө баштаган. Жалпысынан 37 адам кайрылган. Уулангандар Арча-Бешиктеги Абдуллах ибн Масъуд атындагы медреседен оливье салатын жешкенин айтышкан. Алардын

Таласта үрөнчүлүк борбордун өндүрүш жана экспорттук багыттары каралды

Таласта үрөнчүлүк борбордун өндүрүш жана экспорттук багыттары каралды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Талас шаарындагы KVS айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. KVS кооперативи үрөнчүлүк жана айыл чарба өндүрүмдөрүн экспортко чыгаруу багытында иш алып барган алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана негизинен

Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкы сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болду

Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкы сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болду

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагында Дүйнөлүк Банк каржылаган "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ичүүчү суу тутуму жаңыланып, ишке берилди. Долбоор Кыргыз-Ата, Ак-Булак жана Борко айылдарын камтып, 22 миң 500дөн ашык тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган.