37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү

37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү

Бишкекте 37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү.Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 18-июнь күнү саат 12:00дөн тарта түшө баштаган. Жалпысынан 37 адам кайрылган. Уулангандар Арча-Бешиктеги Абдуллах ибн Масъуд атындагы медреседен оливье салатын жешкенин айтышкан.

Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылып, 27сине амбулатордук дарылоо дайындалган. Бирөө реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатат. Ооруканадагы бейтаптардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай 19-июнда, анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарында 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда энергетикалык тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда. Анын негизинде аталган ишкананын техникалык паркы 5 даана жаңы атайын техника менен толукталып, райондук бөлүмдөрүнө жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлдү. Тактап айтканда,

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда.  Жыйын алкагында заманбап билим берүү, идеологиялык тушоодон бошонуу, жогорку технология доорундагы адамдын жоопкерчилиги, жасалма интеллект доорундагы медианын ролу, гуманизм жана маданияттын миссиясы жана башка темалар талкууланат. Ысык-Көл эл аралык форуму 18-июнда башталып, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров