Аламүдүн-1 ГЭСин биринчи гидроагрегатынын капиталдык оңдоо иштери аяктады

Аламүдүн-1 ГЭСин биринчи гидроагрегатынын капиталдык оңдоо иштери аяктады

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында утурумдук жана капиталдык ондоо иштерин улантууда. Оңдоо иштери жай мезгилинде суугат иштерине байланыштуу суунун көлөмү аз болгон учурда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жума ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясында биринчи гидроагрегатына жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты. Капиталдык оңдоо иштеринин аткарууга «Чакан ГЭС» ААКнын турбиналык участогу, электротехникалык участогу, релелик коргоо жана автоматика кызматынын адситери жана четтен адистештирилген компания тартылды.  

Энергетиктер жабдууларды толук чачып, эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырышты. Мындай оңдоо иштерин алып барууну негизги максаты – бул гидроагрегаттын бардык механизмдеринин абалын текшерүү, тетиктердеги дефекттерди жокко чыгаруу, жабдууларды калыбына келтирүү болуп саналат. Оңдоо иштери көп жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.

Айтмакчы, аталган гидроэлектростанциясынын экинчи гидроагрегаты да июль айында капиталдык оңдоого чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен күйүүчү майдын  баасын турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду. Монополия кызматынын маалыматына ылайык, документтин негизги максаты  – өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Мамлекеттик лизинг компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Жашыл каржылоо фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, компаниянын маалыматына ылайык, документ жашыл лизинг инструменттерин өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес үчүн заманбап каржылык чечимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Меморандумга Мамлекеттик лизинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Амантур Өмүров жана

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын Кар көчкү бөлүмүнүн адистери Балыкчы – Казарман – Манас унаа жолунун 326–349-чакырымдарындагы кар көчкү коркунучу жогору болгон тилкелерде талаа изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка таянсак, изилдөөнүн негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана кар көчкүдөн коргоочу галереяларды куруу боюнча илимий негизделген

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна барып,