Панфилов районунун дыйкандары суунун жетишсиздигине нааразы

Панфилов районунун дыйкандары суунун жетишсиздигине нааразы

Чүй облусунун Панфилов районунун дыйкандары суунун жетишсиздигине нааразычылыгын билдиришти. Алар өзүнүн пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен жолугушуусунда айтышты.

Парламенттин маалыматына ылайык, Панфилов районунун айыл чарба өндүрүүчүлөрү сугат сууну берүү убада кылынган көлөмдө жүргүзүлбөй жатканын, буга байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин биринчи сугат иштерин бүтүрө электигин белгилешти. Алардын айтымында, Чүй облусунун башка райондорунда дагы экинчи сугат иштери жүрүп жатат.

Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев белгилегендей, сугат суунун көйгөйү анын агып келүүсүнүн аздыгынан, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөндүгүнөн жаралууда.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери айдоо аянттарынын биринчи сугаты Чүй облусунда 80%, анын чинде Кемин районунда 75%, Ысык-Ата районунда 65%, Панфилов районунда 34,7% аткарылды деп жооп беришти.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу 7 жаңы станция ишке кирди

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу 7 жаңы станция ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 4, Кызыл-Суу айылында 3 кубаттоочу станция ишке кирди. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому билдирди. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери 18 жаңы станция курулган. Компаниянын маалыматына ылайык, бул иштер өлкөдө электр унаалары үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экологиялык таза транспортту жайылтууга багытталган.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

30-июнда Женева шаарында Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун укук боюнча Консультациялык борборуна (ACWL) кошулуусу тууралуу протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан аталган борборго мүчө болгон 47-өлкө болуп калды. Протоколго Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы туруктуу өкүлү Омар Султанов жана Консультациялык борбордун

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарында реконструкциядан өткөн маданият жана эс алуу паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, шаар жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышышты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун маалыматына ылайык, паркты реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору РКӨФ, Манас шаарынын мэриясы жана жеке инвесторлордун өнөктөштүгү менен

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Каржы министри Руслан Суйналиев Ташкентте Эл аралык валюта фондунун Швейцария-Польша шайлоочулар округу боюнча аткаруучу директору Патрик Лошевски менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу 29-30-июнда Өзбекстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыйынынын алкагында уюштурулган. Тараптар макроэкономикалык туруктуулукту камсыз