Билим берүү тармагы 2023-жылы 65.3 млрд сомго каржыланат

Билим берүү тармагы 2023-жылы 65.3 млрд сомго каржыланат

Билим берүү тармагы 2023-жылы 65.3 млрд сомго каржыланат. 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мекеме тактагандай, КРда акыркы жылдары республикалык бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү менен мамлекеттик, анын ичинде билим берүү тармагына чыгашалардын өсүшү байкалууда. Билим берүүгө чыгымдардын динамикасы:

· 2019-жыл – 32.6 млрд сом же ИДПга карата 5.5%;

· 2020-жыл – 36.2 млрд сом же 6%;

· 2021-жыл – 40.7 млрд сом же 5.6%;

· 2022-жыл – 63.2 млрд сом же 6.9%;

· 2023-жыл – 65.3 млрд сом же ИДПга карата 7%.

Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

Капиталдык салымдар:

· 2019-жыл – 1.9 млрд сомду же капиталдык салымдардын жалпы чыгашасынын 35%ын түзөт;

· 2020-жылы – 1.2 млрд сом же 38%;

· 2021-жылы – 1.9 млрд сом же 32%;

· 2022 – 5.7 млрд сом же 33%.

Дем берүүчү гранттар:

· 2019-жыл – 183.8 млн сомду же жалпы чыгашалардын 45%ын түзөт;

· 2020-жыл – 204.9 млн сом же 59%;

· 2021-жылга – 214.2 млн сом же 42%;

· 2022-жылга – 318.5 млн сом же 54%.

Белгилей кетсек, чыгашалардын бул беренелери боюнча негизги үлүшү билим берүү тармагына жумшалат.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Чолпон-Ата шаарында Салык кызматынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү спартакиада болууда. Бул спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан, борбордук аппараттан, “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинен жана башка ведомстволук түзүмдөрдөн келген Салык кызматынын кызматкерлеринин 12 курама командасы катышууда. Салтанаттуу ачылыш аземи кече Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн. Салык кызматынын төрагасынын

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Май майрамдарынын күндөрүндө Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү шаар тургундары көп эс алган жайларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, күн жылышы менен борбор калаанын тургундары жаратылышта көбүрөөк убакыт өткөрүп, парктарга, жашыл аймактарга жана суу жээктерине барып эс алышууда.

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган. “Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, анын Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жети районунун тургундары менен жолугушуп жатып, эл көтөргөн маселелердин 80 % райондук, облустук деңгээлде чечиле турган