2023–жылы Улуттук банк 3.9 тонна алтын саткан

2023–жылы Улуттук банк 3.9 тонна алтын саткан
Photo by Zlaťáky.cz / Unsplash

Жыл башынан бери Улуттук банк тышкы рынокко 3.97 тонна алтын сатты. Бул тууралуу Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев «Кабар» агенттиги менен маек куруп, айтып берди.

Анын айтымында, Улуттук банктын эл аралык резервдерин толуктоо максатында, Улуттук банк мыйзамдарда каралган КРнын аймагында өндүрүлгөн алтынды артыкчылыктуу сатып алуу укугунун негизинде Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтынды сатып алуу боюнча операцияларды мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырат.

«Улуттук банк эл аралык резервдерди эффективдүү башкаруунун алкагында, борбордук банктар үчүн стандарттуу болуп эсептелген алтын боюнча, анын ичинде сатуу, сактоо, тышкы рынокто жайгаштыруу операцияларын жүргүзөт. Бул эл аралык резервдердин ликвиддүү бөлүгүн өз убагында жана ыкчам толуктоо максатында, ошондой эле тиешелүү акча-кредит саясатын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чет өлкөлүк валютада төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн керектелет», - деди Бөкөнтаев.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын