Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууу планы 948 млн сомго аткарылды

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууу планы 948 млн сомго аткарылды

Салык кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында 116 млрд 165.4 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 948 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Маалыматка ылайык, чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7 млрд сомго көп. Анын ичинде салык жана төлөмдөр 84 млрд 446.2 млн сомду жана камсыздандыруу төгүмдөрү 31 млрд 719.2 млн сомду түзөт.

«Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу факторлорунун бири салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле, салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү», - деди Абдувапов.

Мындан тышкары окуңуз

Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

2026-жылдын 30-июнунда КРнын Экономика жана коммерция министрлигинде КРнын ишкердик субъекттерин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү үчүн тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссия ишкердик субъекттеринин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү боюнча 26 арызды кароого алды. Анын жыйынтыгы боюнча

Агроөнөр жай тармагына 8 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Агроөнөр жай тармагына 8 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Жалпы көлөмү 12 млрд 985,7 млн сомду түзгөн 8 жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында акыркы 6 айда 8 млрд 163,6 млн сомдон ашык каражат айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Каржылоо "Айыл чарбасын каржылоо

Милициянын атын жамынып, жарандан 60 миң сом алган шектүү кармалды

Милициянын атын жамынып, жарандан 60 миң сом алган шектүү кармалды

Ички иликтөө кызматы өзүн Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкеримин деп тааныштырып, жаранды алдаган шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, К.У.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адам ишенимине кирип, андан 60 миң сом алып, автоунааны айып короодон чыгарып алууга укук

Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү тууралуу Улуттук банктын атын жамынган жарнамалык маалыматтар таратылууда. Улуттук банктын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды мисал келтирүүдө. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө ишенбей, маалыматты