Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Улуттук банк: кезектеги алдамчылык схемадан абайлаңыздар

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү тууралуу Улуттук банктын атын жамынган жарнамалык маалыматтар таратылууда.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды мисал келтирүүдө.

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө ишенбей, маалыматты расмий булактардан тастыктамайынча, эч кандай шартта бейтааныш адамдарга акча которбоону сунуштайт.  

Ошондой эле Улуттук банк - калкка насыя бербестигин, акча которууну суранбастынын, кызматкерлердин күбөлүгүн жиберип, байланышка чыкпастыгын жана жеке жактарга кызмат көрсөтпөстүгүн эскертет.

Ал эми кандайдыр бир себептерден улам, алдамчылардын курмандыгы болуп калган болсоңуз, дароо банктык төлөм карттарды бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу керектелет.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан курулуп жаткан Миң-Жар каналы райондогу сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – буга чейин сугат суу жетпеген, кунарсыз жана натыйжалуу пайдаланылбай

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо уланууда.  Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 23-26-июнда ийгиликтүү аяктады. Иштердин жүрүшүндө жалпы узундугу 8 километрди түзгөн жол тилкеси оңдолгон.  Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин