Жыл башынан бери экспорттолгон алтындын көлөмү 2 тоннадан ашты

Жыл башынан бери экспорттолгон алтындын көлөмү 2 тоннадан ашты
Photo by Jingming Pan / Unsplash

Финансы министрлиги Баалуу металлдар департаменти тарабынан 2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайы, бул аралыкта төмөнкү заттарды камтыган баалуу металлдарды экспорттоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлдү:

• рудаларда, концентраттарда: алтын – 597.82 кг, күмүш – 1.3 тонна;

• куймаларда: алтын – 2 тонна, күмүш – 717.43 кг;

• электрондук платалардын сыныктарында: алтын – 2.26 кг, күмүш – 83.16 кг, платина – 0.18 кг, палладий – 0.49 кг, родий 0.18 кг.

Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон руда концентраттарынын курамындагы баалуу металлдарга эсептик контроль жүргүзүлдү: алтын – 4.6 тонна, күмүш – 11 тонна;

Импорттолуучу зер буюмдарга мамлекеттик контроль төмөнкүдөй көлөмдө жүргүзүлгөн: алтын – 152.63 кг, күмүш – 1197.87 кг;

Ата мекендик жана импорттук өндүрүштүн сыналган жана фирмалык зер буюмдары жана башка тиричилик буюмдары – 228.6 кг, күмүш – 2981.7 кг;

Продукцияга баалуу металлдардын курамына экспертиза жүргүзүлдү: алтындан – 45.12 кг, күмүштөн – 251.78 кг.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–