Бир жумада Кыргызстанга айыл чарба продукциясынын импортунун көлөмү 27 миң 831 тоннаны түздү

Бир жумада Кыргызстанга айыл чарба продукциясынын импортунун көлөмү 27 миң 831 тоннаны түздү

2023-жылдын 15-21 сентябрына карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 27 миң 831 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, Чүй облусуна 24 миң тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 155 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Бул аралыкта Чүй облусуна башка продукцияларга салыштырмалуу 4658 тонна дан эгиндери Россия, Казакстан, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

Нарын облусуна 1 миң 389 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 54 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта Нарын облусуна 986.8 тонна жаңгак Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Ош облусуна 1 миң 205 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 442 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта Ош облусуна 208 тонна кургатылган жемиштер Россия, Кытай өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

Жалал-Абад облусуна 520 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 10 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 125.5 тонна коон Өзбекстан өлкөсүнөн жана 135 тонна ун Казакстан өлкөлсүнөн импорттолуп келген.

Баткен облусуна 427 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 25 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 316 тонна жемиш, 59 тонна коон, дарбыз Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Талас облусуна 278 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 6 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта Талас облусуна 200 тонна пияз, 30 тонна ун, 48 тонна коон Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media