Сентябрдын планын Бажы кызматы 11.4% ашык аткарды

Сентябрдын планын Бажы кызматы 11.4% ашык аткарды

2023-жылдын сентябрь айында Бажы кызматы 10.7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 11.4%га аткарылды же 1.1 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 2.6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 32.5%ды түздү.

2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 73.4 млрд сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 9 айында бажы кызматы 79.4 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 8.2%га аткарылды же 6 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу түшүүлөр 26.6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 50.2%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычынан 500 метрге жакын синтетикалык тор чыгарылды

Токтогул суу сактагычынан 500 метрге жакын синтетикалык тор чыгарылды

Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы өткөн кезектеги рейдде суудан 500 метрге жакын синтетикалык тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Токтогул суу сактагычынан 40 миң метрден ашык мыйзамсыз коюлган балык уулоочу тор чыгарылган. Адистердин белгилешинче, синтетикалык торлор

Кыргызстан менен JICA жашылча-жемиш кластерлерин өнүктүрөт

Кыргызстан менен JICA жашылча-жемиш кластерлерин өнүктүрөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол койду. Ведомствонун маалыматына ылайык, документ 2027-жылы ишке ашырылышы пландалып жаткан жашылча жана мөмө-жемиш кластерлерин өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорго даярдык көрүүнүн

Ноокенде 90,6 млн сомго курулган жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат

Ноокенде 90,6 млн сомго курулган жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыргызстан айылында 150 орундуу мектептин курулушу толугу менен аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин курулушу 2024-жылы июлда башталган. Долбоордун жалпы наркы 90,6 миллион сомду түзүп, республикалык казынадан каржыланган. Жалпы аянты 1 281 чарчы

Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Кыргызстанда 2026-жылга дарыяларда айрым балык түрлөрүн спорттук жана ышкыбоздук максатта кармоого лимит белгиленди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жилингирин (форель), Амударыя жилингирин (форель) жана дарыя османын белгиленген лимиттин чегинде гана кармоого