“Кыргызалтын” алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушун баштады

“Кыргызалтын” алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушун баштады

Кара-Балтада “Кыргызалтын” ААКнун “Аффинаж заводунун” филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушун баштады. Бул тууралуу минка билдирди.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгү жогору экенин белгиледи. Аны ишке ашыруу менен баалуу металдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана ата мекендик ишканалардын өндүрүүсүнүн эсебинен баалуу металдардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Адистердин белгилөөсүндө, буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргызстанда чыгарыла баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италия жана Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда.

Жалпы 1.5 миң чарчы метр аянтка салына турган өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананы ишке киргизүү 2024-жылдын биринчи кварталына пландалууда. Кошумчалай кетсек, имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Орусияда мигранттар айып пулду өз убагында төлөбөсө депортацияланат

Орусияда мигранттар айып пулду өз убагында төлөбөсө депортацияланат

Орусия чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү медициналык кароодон өтүү тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөткөн жаңы мыйзамдык өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан же андан качкан жарандарга 25 миңден 50 миң рублга чейин айып пул салынып, өлкөдөн чыгаруу маселеси каралышы мүмкүн. Ошондой эле айып пул

Адылбек Касымалиев эл аралык көгөзмө борборуна барды

Адылбек Касымалиев эл аралык көгөзмө борборуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна барды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган кыргыз делегациясын Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин, Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин жетекчилери тосуп алышып, борбордун ишмердүүлүгү

Адылбек Касымалиев Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Адылбек Касымалиев Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын

Ош – Кара-Суу жолу оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош – Кара-Суу жолу оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош – Кара-Суу унаа жолун оңдоп-түзөөнүн алкагында узундугу 18,690 чакырым жол асфальтталууда. Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин жетип, 4 тилкелүү болот. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн туурасы 3 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жана велосипеддер үчүн жол курулууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, аталган автомобиль жолу