Бажы төлөмдөрү боюнча жылдык план аткарылды

Бажы төлөмдөрү боюнча жылдык план аткарылды

Бажы кызматы ушул жылдын 15-ноябрына карата бажы төлөмдөрү боюнча 2023-жылга коюлган пландын аткарылышын камсыздады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94.6 млрд сом суммада белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата бул план толук көлөмдө аткарылды.

2022-жылдын 12 айына салыштырмалуу бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата бажы төлөмдөрүн 20 млрд. сомго көп жыйнады.

Бажы төлөмдөрүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында алгачкы жолу болду.

Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди жайылтуу, контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Май майрамдарынын күндөрүндө Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү шаар тургундары көп эс алган жайларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, күн жылышы менен борбор калаанын тургундары жаратылышта көбүрөөк убакыт өткөрүп, парктарга, жашыл аймактарга жана суу жээктерине барып эс алышууда.

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган. “Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, анын Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жети районунун тургундары менен жолугушуп жатып, эл көтөргөн маселелердин 80 % райондук, облустук деңгээлде чечиле турган

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

Финансылык туруктуулук ишенимден жана бекем кепилдиктерден башталат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 10,4 млрд сомго жетип, болгону үч ай ичинде 7,2 пайызга көбөйдү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жаткандыгын КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты.