Өкмөт “Кыргызиндустриянын” ишмердигин текшерди

Өкмөт “Кыргызиндустриянын” ишмердигин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустрия” ААКнын бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Алгач “Кыргызбетонкурулуш” продукциясынан, тагыраагы Emmedue инновациялык системасы аркылуу жасалган пенополистирол панелдеринен курулуп жаткан көргөзмө комплексинин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Мындан тышкары “Кыргызфармтех” ЖЧКсынын жана зер буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкананын имараттарындагы оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле жүк ташуучу Shacman үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин жыйноочу цехтин иши менен таанышты.

Ишканалар менен жеринде таанышып чыккан МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун маанилүү социалдык милдеттеринин бири жаңы жумуш орундарын түзүү менен өлкөдөгү жумушсуздукту жана эмгек миграциясын кыскартуу экенин белгиледи.

““Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун түзүлүшү менен жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылып өнөр жай жанданды, буга чейин иштеп жаткан өндүрүштүк ишканаларды модернизациялоо, кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү сыяктуу бир катар далилдүү долбоорлор ишке ашырылууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын аягында 100% мамлекеттин катышуусу менен түзүлгөн “Кыргызиндустрия” ААКсы 2022-жылдын март айынан бери 20 долбоордун ичинен 16 долбоорду ишке ашырды.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын