Микрокредит алуучулардын 20%ы Ош облусунан

Микрокредит алуучулардын 20%ы Ош облусунан

2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 37 млрд сомго жакын суммада кредиттер берилди, аны алуучулардын саны 533 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 12%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29%га көбөйдү.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 20%дан ашыгы) жана Жалал-Абад облустарына (17%дан ашык), ошондой эле Бишкек ш. (16%) жана Чүй облусуна (13%) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%ы), Ош (дээрлик 17%ы), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (16%дан) алуучуларына берилди.

2023-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%га жакыны - керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 11,5%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6%ы курулушка багытталды.

Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли 90.9%ды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2% пунктка төмөн.

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймактарында жер кыртышынын эрозиясын азайтуу жана жашыл инфраструктураны өнүктүрүү максатында жол боюнда мөмөлүү бактарды отургузуу демилгесин ишке киргизүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында ар бир районде болжол менен 1 чакырым негизги жол тилкесине мөмөлүү дарактар тигилет. Учурда айрым облустарда

Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны ылдамдатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык коркунучтардан коргоого шарт түзөрүн Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) айтылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2000-жылдагы 62,6%дык жакырчылык деңгээлин 2024-жылы 26%

Кыргызстандын банк секторунда насыялар жана аманаттар 35%га өстү

Кыргызстандын банк секторунда насыялар жана аманаттар 35%га өстү

Кыргызстандын банк тармагынын кредиттик портфели 460 млрд сомго жетип, 35%га өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Карабаеванын айтымында, депозиттик портфель да 35%га өсүп, 804 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда аманаттардын жана насыялардын негизги бөлүгү улуттук валютага туура келет.

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) 2040-жылга чейин айыл жергесинде жашаган кошумча 170 миңге жакын адам жакырчылык чегинен төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды. Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 24%га чейин жетип, жыл сайын кирешелердин 5–10%жоготуусуна алып келиши мүмкүн. Инфраструктура — биринчи кезекте жолдор