Жыл башынан бери аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 765 млн сомдук кепилдик берилген

Жыл башынан бери аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 765 млн сомдук кепилдик берилген

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кепилдик фонд 765 миллион сомдон ашык суммага 1 630 кепилдик берүү менен аялдардын ишкердигин колдоого алды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Ишкер аялдар ар түрдүү тармактарда активдүү иш алып барышат. 2023-жылдын башынан бери жана 31-октябрга карата берилген кепилдиктердин жалпы санында аялдардын ишкердигинин үлүшү 41%ды түздү.

Бул мезгилдеги статистикалык маалыматтарга ылайык, айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында бизнести өнүктүрүү үчүн кепилдиктердин жалпы санынын 52%дан ашыгы ишкер аялдарга берилген.

Калган 48% башка тармактарды өнүктүрүүгө, анын ичинде: курулушка; транспорт; кызмат көрсөтүүлөр; өнөр жай; туризм; соода жана ипотека.

Быйыл кепилдик ишкерлерге дээрлик 1 млрд 850 млн сом өлчөмүндө кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Бул мезгилде аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн кепилдик фонддордун дээрлик 60%ы аймактарга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен: кепилдик каражаттардын жалпы суммасынын 15.1%ы Жалал-Абад облусуна жөнөтүлдү; Ош облусуна – 9.2%; Чүй облусуна – 7.4%; Ысык-Көл облусуна – 7.1%; Баткен облусуна – 6%; Ош шаарына – 5.8%; Талас облусуна – 4.8%; Нарын облусуна – 3.3%.

«Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 2 млрд 125 млн сомдон ашык суммага 2 671 кепилдик берилип, ишкерлерге 6 млрд 295 млн сомдон ашык суммада банктык кредиттер берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Корумду – Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Корумду – Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди. Учурда тротуарлар менен веложолдун негизин даярдоо жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 79,2 чакырымга асфальттын төмөнкү катмары, ал эми 44 чакырымга үстүнкү катмары төшөлдү. Ошондой

Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болуп Талгат Аширбеков дайындалды

Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болуп Талгат Аширбеков дайындалды

Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болуп Талгат Аширбеков дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат жана саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Талгат Аширбеков 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Жапаров былтыр декабрда Мисирдин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин түзүү боюнча жарлык чыгарган. Буга чейин Мисир менен дипломатиялык

Кыргызстандын банк тармагынын өкүлдөрү акыл таймашта ат салышты

Кыргызстандын банк тармагынын өкүлдөрү акыл таймашта ат салышты

Жыл сайын Банктар аралык процессинг борбору ЖАК (БАПБ) тарабынан салт катары өткөрүлүп келе жаткан “Акыл таймаш” интелектуалдуу оюну быйыл дагы банк кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулуп, ага бардык коммерциялык банктардын жана КРУБдун өкүлдөрү катышышты. Бул интеллектуалдык оюнга беш адамдан турган, 17 топ катышты. Анын жүрушундө тексттик табышмактар, музыкалык раунддар жана

Кыргызстан менен Беларусь курулуш тармагын санариптештирүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Беларусь курулуш тармагын санариптештирүүнү талкуулады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти Беларусь Республикасынын “Башкы мамлекеттик курулуш экспертизасы” республикалык унитардык ишканасынын башкы директору Владимир Белоус жетектеген делегацияны кабыл алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш тармагындагы мамлекеттик экспертизанын заманбап ыкмаларын жана санариптик өнүгүү багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экспертизаны электронду