Кыргызстан менен Беларусь курулуш тармагын санариптештирүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Беларусь курулуш тармагын санариптештирүүнү талкуулады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти Беларусь Республикасынын “Башкы мамлекеттик курулуш экспертизасы” республикалык унитардык ишканасынын башкы директору Владимир Белоус жетектеген делегацияны кабыл алды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш тармагындагы мамлекеттик экспертизанын заманбап ыкмаларын жана санариптик өнүгүү багыттарын талкуулашты.

Атап айтканда, экспертизаны электрондук форматка өткөрүү, “Бирдиктүү терезе” принциби аркылуу комплекстүү экспертиза жүргүзүү, BIM-технологияларын жана заманбап программалык комплекстерди киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле курулуш тармагындагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана эки өлкөнүн эксперттик мекемелеринин ортосундагы тажрыйба алмашууну кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.

Белгилей кетсек, жолугушуу эки мекеменин ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуунун алкагында өттү. Анда кыргыз тарап мамлекеттик экспертиза системасында жүргүзүлүп жаткан санариптик реформалар боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн