Корумду – Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Корумду – Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Учурда тротуарлар менен веложолдун негизин даярдоо жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 79,2 чакырымга асфальттын төмөнкү катмары, ал эми 44 чакырымга үстүнкү катмары төшөлдү.

Ошондой эле 14 көпүрө жана 2 жер алдындагы өтмөктүн курулушу дээрлик аяктап, негизги жолдогу 234 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен орнотулду.

Белгилей кетсек, долбоор 2024-жылдын 1-апрелинде башталган. Анда жолду 4 тилкеге кеңейтүү, тротуар жана веложол куруу каралган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү