Өкмөт кайра иштетүү жана экспорт багыттары боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Өкмөт кайра иштетүү жана экспорт багыттары боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылы ишке аша турган 100 ири долбоорлордун алкагында айыл чарба тармагында аткарыла турган иштерге токтолду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 2024-жылга карата суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу жана экспортту жогорулатуу боюнча негизги төрт багыттын айланасында план түзүлдү.

«Биз чакан суу сактагычтарды (БДР, БСР) курабыз. Анын жанына тамчылатып сугарууну киргизебиз. Ал жерден дыйкандар өзүнүн айдоо аянтына суу алат. Биз алгач дыйкандардан эмне эгээрин сурайбыз. Андан соң ошол жерге кайра иштетүү киргизилип, андан кийин экспортко чыгууну көздөйбүз. Анын баары банктын коштоосунда болот. Ар бир кыймылын банк көзөмөлдөп, ар бир тыйынына чейин карап чыгат. Мына ошондо ал долбоорлордун айланасында окумуштуулар керек болот. Ошол себептүү ректорлорго ар бир долбоорго катышып сунуш берүүгө чакырам», - деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылган "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында таза суу менен камсыздоо тутумунун техникалык ачылышы болуп өттү. Долбоор Министрлер Кабинетини менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС тарабынан ишке

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Бүгүн, Ысык-Көл облусунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат. Министрликтин маалыматына ылайык, медиафорум ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, алдыңкы ЖМКларынын, санарип платформаларынын жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү — алты өлкөдөн 100гө жакын катышуучу катышууда. Иш-чаранын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы

Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Ысык-Ата районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылдагы планга ылайык, Ысык-Ата районунда жалпы 34.5 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күндө Жээк – Гагарина автомобиль жолунун 5 чакырым

Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ноокат районундагы цемент заводуна кошумча курулган өндүрүштүк блоктун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк Кыргыз цемент” заводунда өткөрүлдү.  Адистер долбоордук документтер менен таанышып, имараттын