Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ноокат районундагы цемент заводуна кошумча курулган өндүрүштүк блоктун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү.

Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк Кыргыз цемент” заводунда өткөрүлдү. 

Адистер долбоордук документтер менен таанышып, имараттын конструкцияларынын ишенимдүүлүгүн жана сейсмикалык коопсуздук талаптарынын шайкештигин баалоо максатында конструкциялык элементтерге тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Мындан тышкары окуңуз

Санарип кызматтары боюнча көчмө кеңеш берүү өткөрүлүүдө

Санарип кызматтары боюнча көчмө кеңеш берүү өткөрүлүүдө

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" жана "Түндүк" мамлекеттик мекемелери Ош шаарынын тургундары үчүн санарип кызматтары боюнча көчмө кеңеш берүү өткөрүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө адистер жарандарга "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүү порталын колдонуу, санарип документтерди алуу жана мамлекеттик кызматтарга онлайн

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгы маселелерин кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, жарандык алуу жана андан чыгуу боюнча бардык документтер автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет. Мындан ары арыздар электрондук кол тамга менен да ырасталат.

Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылган "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында таза суу менен камсыздоо тутумунун техникалык ачылышы болуп өттү. Долбоор Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС тарабынан ишке

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Бүгүн, Ысык-Көл облусунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат. Министрликтин маалыматына ылайык, медиафорум ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, алдыңкы ЖМКларынын, санарип платформаларынын жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү — алты өлкөдөн 100гө жакын катышуучу катышууда. Иш-чаранын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы