«Бир айыл – бир продукт» долбоору боюнча Чүй облусунун Бренд комитетинин биринчи жыйыны өткөрүлдү

«Бир айыл – бир продукт» долбоору боюнча Чүй облусунун Бренд комитетинин биринчи жыйыны өткөрүлдү

2024-жылдын 24-январында «Бир айыл – бир продукт» улуттук экономикалык долбоору боюнча Чүй облусунун Бренд комитетинин биринчи жыйынын өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Бренд комитет Чүй облусунун БАБПтуна катышкан ишкерлер-катышуучулар менен жыйын өткөрдү, анда БАБПтун даяр продукциялары көрсөтүлдү.

Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты - адамдарды ишкердикке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү.

Бренд комитетинин жыйынында жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүлгөн 9 продукт тандалып алынган (кургатылган мөмө-жемиштер, чөп чайлары, как, кургатылган топоз эти, бүтүн дан эгин унунан ачытылып жасалган нан, талкандан жасалган деликатестер, жаңгак жыгачынан жасалган буюмдар, сулуудан жасалган печеньелер).

Бренддик комитеттин ишинин жыйынтыгы менен 9 ишкерге Чүй-Бренд товардык белгиси ыйгарылды жана аларга Чүй облусунун бренди менен сертификаттар тапшырылды.

Маалымат ирэтинде:

Жалпысынан 2017-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде 300дөн ашык продукция иштелип чыгып ички жана тышкы   рыноктордо (экспорт) ийгиликтүү сатылууда, Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, АКШ, Франция, Германия, Испания жана башка европалык мамлекеттерде.

Белгилей кетсек, акыркы 6 жылдын ичинде эле долбоордун аркасында жергиликтүү өндүрүшчүлөр 238 миллион сомго жакын 167 экспорттук келишим түзгөн.

Бренддик комитеттин ушундай эле отуруму 2024-жылдын февраль айында Талас облусунда өткөрүү пландаштырылууда, анда Талас облусунун жергиликтүү чийки затынан жасалган БАБП продукциялары да көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–