Кыргызстан саудиялык AcwaPower менен ГЭСтерди куруу маселесин талкуулады

Кыргызстан саудиялык AcwaPower менен ГЭСтерди куруу маселесин талкуулады

2024-жылдын 30-январында Эр-Рияд шаарында элчи Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Энергетика министрлигинде үч тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушууда САПтын Энергетика министринин мунай жана газдын техникалык жана жөнгө салуу маселелери боюнча орун басары инж. Маджид Аль-Утейби, саудиялык AcwaPower компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Раад Аль-Саади, Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башкы дирекциясынын пландоо жана долбоорлорду колдоо боюнча башкы директору инж. Файсал Аль-Дуайж жана САПтын Энергетика министрлигинин эки тараптуу байланыштар боюнча башкы башкармалыгынын башкы директору д-р Акрам Жадави катышышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мунай, газ жана электрэнергетикасы тармактарында, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары жана ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду аткаруу, тазалоочу курулуштарды куруу жана бөтөлкөдөгү сууну өндүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тараптар ошондой эле AcwaPower компаниясынын Кыргызстанда күн жана шамал электрстанцияларын куруу боюнча жаңы долбоорлорго катышуусунун келечегин талкуулашты. 

Тактап айтканда, Марипов Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, өткөн жылда аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар боюнча кеңири сөз кылып, мындан ары өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча ой бөлүштү. 

Марипов Падышачылык менен энергетика тармагында байланышты чыңдоо эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары активдештирүүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат деп белгиледи. 

Сауд Арабиясынын мунай жана электрэнергетика тармагындагы, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу станцияларды куруудагы зор тажрыйбасын эске алып, Кыргызстан бул маанилүү тармактарда мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошону менен бирге ал жашыл долбоорлорду көмүртек кредиттерине алмаштыруу системасы боюнча кызматташуу демилгесин карап чыгууну сунуштады. 

Өз кезегинде САПтын Энергетика министринин орун басары М.Аль-Утейби биринчи кезекте эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн энергетика тармагындагы кызматташуусу боюнча тиешелүү документтин долбоорун даярдоо жана ага жакынкы сапарларда кол коюу зарылдыгы тууралуу кесиптештеринин жана Элчинин пикири менен макул экенин билдирди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда айтылган багыттарда комплекстүү иштерди улантуу жана сунушталган демилгелерди координациялоо үчүн министрлик менен элчиликтин өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

БУУ менен адам укуктары боюнча өнөктөштүк талкууланды

БУУ менен адам укуктары боюнча өнөктөштүк талкууланды

17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эннио Боати менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда адам укуктарын коргоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, гендердик теңчилик жана мамлекеттик органдардын ачык-

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Жогорку Кеңеш 17-июнда “Мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.  Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы УКМКнын Чек ара кызматын Мамлекеттик чек ара кызматына айландыруу, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз өлкө президентине

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

Президенттин креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу жарлыгында каралган жеңилдиктерден Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Шыкмаматовдун айтымында, жарлыкта “Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу кызматтары” жөнүндө сөз болот.

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венесуэланын Балык чарбасы жана аквакультура боюнча элдик бийлик министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандагы элчиси Росальба Ло Буэ менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар балык чарбасы жана аквакультура тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын