Соң-Көлдө 4.8 млн даана сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди

Соң-Көлдө 4.8 млн даана сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди

Балык чарба департаментинин «Соң - Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң - Көл көлүндөгү «Жаман эчки» тилкесинде 4 млн. 875 миң даана сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Балыктандыруу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймак аралык инспекциясынын Каратал-Жапырык коругунун дирекциясынын, департамент ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия тарабынан жүргүзүлдү.

Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн 700 миң чабак коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн 700 миң чабак коё берилди

Ысык-Көлдөгү балыктардын санын көбөйтүү үчүн сууга 3 млн 700 миң даана карп-сазандын чабагы коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чараны Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрдү. Ага Туристтик-экологиялык милициянын,

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

26-июнда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, сууну өчүрүү Коперник көчөсү – Поваринская көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсүндө болот. Коперник

Германияда 18 жаштагы кыргызстандык сууга чөгүп көз жумду

Германияда 18 жаштагы кыргызстандык сууга чөгүп көз жумду

Германияда 18 жаштагы кыргызстандык жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, А.А.К. аттуу жаран 23-июнда Германиянын Хёкстер шаарына жакын жайгашкан көлдө сууга түшүп жаткан учурда кырсыкка кабылган. Ал Германияга жай мезгилинде иштөө үчүн барган. Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жергиликтүү бийлик

Салык төлөөнү жеңилдетүү жолдору иштелип чыгууда

Салык төлөөнү жеңилдетүү жолдору иштелип чыгууда

Мамлекеттик салык кызматы салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда. Салык кызматынын маалыматына таянсак, салык төлөөчүлөрдү жоюу учурундагы иш регламентине салыктык эсептен чыгаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилди.  Жаңы өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт: Жеке ишкерлер үчүн ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө арыз берилген учурда, салык