Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

26-июнда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, сууну өчүрүү Коперник көчөсү – Поваринская көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсүндө болот.

Коперник көчөсүндөгү Д= 200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат. 

 "Бишкексууканал" ишканасы ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турса болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды