Бишкекте АГРОФОРУМ-2024 өтүүдө

Бишкекте АГРОФОРУМ-2024 өтүүдө

Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанда туруктуу агрардык өнөр жай секторун түзүүгө арналган АГРОФОРУМ-2024 өттү. Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министирлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте уюштурган. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Форумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, өкмөттүн өкүлдөрү, ошондой эле бир катар башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, донордук коомчулук жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Форумдун катышуучулары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн ар кандай аспектилерин, анын ичинде өкмөттүн артыкчылыктарын жана жаңы демилгелерди, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, климаттын өзгөрүү маселелерин, инновацияларды жана заманбап технологиялардын артыкчылыктарын талкуулашты. Форум айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду кийинки муунун даярдоодогу диалогдун башталышы болду.

КРда агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги, милдеттери, мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиясы тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев айтып берди. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын алдыңкы адистери тарабынан айыл чарбадагы дүйнөлүк тенденциялар, азык-түлүк коопсуздугу жана азык-түлүккө болгон баалар тууралуу маалымат берилди.

Андан тышкары форумдун аянтында Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы КРдагы ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору боюнча макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул долбоор мөңгүлөргө, кар катмарына, сел жана суу ташкындарына мониторинг жүргүзүү боюнча өкмөттүн потенциалын жогорулатууга, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашырууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын