Жездин баасы кымбаттайт

Жездин баасы кымбаттайт

Goldman Sachs банкы 2026-жылга карата жездин тоннасынын баасы 10 миң доллардан 10,5 миң долларга чейин көтөрүлөрүн божомолдоодо. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

Эксперттердин айтымында, баанын көтөрүлүшүнө төмөнкү факторлор себеп болууда:

  • Индонезиядагы Grasberg кениндеги жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы;
  • АКШ долларынын алсырашы;
  • Пайыздык чендердин төмөндөшү.
“Жездин баасы $10–11 миң доллардын тегерегинде. Чийки затка болгон тартыштык жана экономиканын негизги тармактарындагы суроо-талаптын өсүшү жаңы баа деңгээлин калыптандырып жатат”, — деп айтылат Goldman Sachsтын билдирүүсүндө.

Бирок, Лондон металл биржасында (LME) жездин фьючерстеринин баасы дүйшөмбүдө 0,8%га төмөндөп, тоннасына $10,67 миңге түшкөн.

Эске сала кетсек, сентябрдын аягында Индонезиядагы Grasberg кениндеги адам өмүрүн алган кырсыктан улам Freeport-McMoRan форс-мажор жарыялаган. Бул окуя дүйнөлүк жез өндүрүшүнө таасир этип, 2025-жылкы өсүш 0,8% эмес, 0,2% гана болот деп күтүлүүдө. Мунун натыйжасында 55,5 миң тонналык дефицит жаралышы мүмкүн. Бирок, 2026-жылы рынок тең салмакка келери айтылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media