Аралыктан тейлөөнүн талаптарына өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Аралыктан тейлөөнүн талаптарына өзгөртүү киргизүү сунушталууда

КРнын Улуттук банкы айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунушталды.

Ага ылайык:

·       «Аралыктан тейлөө системаларын пайдалануу үчүн белгиленген логин жана сыр сөздөрдү үчүнчү жактарга сатууга/өткөрүп берүүгө тыюу салуу; үчүнчү жактардын көрсөтмөсү жана кызыкчылыгында картты колдонуп финансылык операция жүргүзүү үчүн КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик киргизүү;
·       Карт чыгаруу кызматтарын сунуштоочу, ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы аракеттенүү системаларын операция шектүү болуп саналган учурларда, накталай акча каражатын берүүгө 24 саатка убактылуу чектөө киргизүү;
·       Кызматтарды сунуштоочу мобилдик тиркемеде кирген акча которуу жөнүндө маалыматты (жөнөтүүчүнүн аты-жөнүн, акча которуунун суммасын, датасын, багытын) көрсөтүү менен, кирген акча которууну тастыктоо/четке кагуу функциясын киргизүүгө тийиш жана керектөөчү аны ыктыярдуу түрдө колдонууга укуктуу;
·        Операциянын алдамчылык мүнөздө болушу мүмкүн экендигин көрсөткөн белгилер аныкталган учурда, банк/төлөм уюму/төлөм системасынын оператору мындай операцияны жүргүзүүнү 30 (отуз) күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укугу жана башка бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда.

Токтом долбоору толугу менен КРнын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган.

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 24-октябрынан кечиктирбестен КРнын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.

 

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Министрлер Кабинети 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жардам менен камтууну кеңейтүүгө жана

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөн районунда ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Хундай Соната" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран дарыгерлердин кароосунан өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган. Айдоочуга

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

“Бишкекгаз” кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-августта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Газ Бишкек шаарындагы Ильменск, Каракөл тар, Якутск көчөсү, Каракум көчөсүндө жана Ден Сяопин проспектисинде өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү