Бажы кызматы 102,1 миллиард сом жыйнады

Бажы кызматы 102,1 миллиард сом жыйнады

Мамлекеттик бажы кызматыныны коллегиялык жыйынында аталган мекеме 2025-жылдын үчүнчү кварталында республикалык бюджетке 102,1 миллиард сом түшүрүп, пландан 2,4 миллиард сомго көп акча топтогонун ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Коллегияда транзиттик көзөмөлдү жана электрондук документ жүгүртүүнү жеңилдеткен «Акылдуу бажы» улуттук платформасы ишке киргени айтылып, санариптештирүү реформаларына терең маани берилди.

Жыйында «Достук» постунда электрондук кезек күтүү системасы пилоттук түрдө ишке киргизилип, жакын арада Торугарт постунда да мындай кезек күтүүнү ишке киргизүү пландалып жатканы айтылган. Мындан тышкары, Салык кызматы менен «Түндүк» системасы аркылуу маалымат алмашуу электрондук форматка өткөрүлгөнү да баса белгиленген. 

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Манас шаардык мэриясына түшкөн арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө "Башталыш Гранд" ишканасынын курулушуна жакын жайгашкан турак үйдүн үстүнөн жүк өткөрүлгөнү аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске

Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат, Бел, Кеңеш, Исанов, Мирмахмудов жана Гүлистан айыл аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууларда негизинен мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги, курулуш иштерин тездетүү, таза суу менен камсыздоо, сугат суу жана ички

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи. “Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

24-августтан 15-сентябрга чейин Card Plus ээлери DemirBankтын өнөктөштөрүнөн 0% бөлүп төлөө менен 6 айга чейин сатып ала алышат. Жаңы окуу жылына даярдануу – бул мектеп формасы жана рюкзак гана эмес. Сатып алуу тизмесине бут кийим, кеңсе буюмдары, спорттук форма, техника, аксессуарлар жана башка керектүү буюмдар акырындык менен кошулат.Чыгымдарды