Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда экономикалык өсүш бар, бирок...

Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда экономикалык өсүш бар, бирок...

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикалык абалын терең иликтеп, өлкөнүн туруктуу өсүүсүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү аныктаган экономикалык баяндамасын жарыялады.

Докладка ылайык, 2000-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) жыл сайын орточо 4,7%га өсүүдө. Бирок ошол эле учурда өлкөдө жумушчулардын 70%ы формалдуу эмес сектордо иштегени үчүн төмөнкү маяна алышат.

Кыргызстандын экономикалык өсүшү негизинен капитал топтоо жана инвестициялардын, айрыкча кен-металл өндүрүш тармагынын эсебинен камсыз болууда. Бирок квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги эмгек рыногунда олуттуу көйгөй жаратып, туруктуу өнүгүүгө тоскоол болууда. Ишканалар өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана технологияларды өздөштүрүүгө жөндөмдүү адистерге муктаж.

Бул маселелерди чечүү үчүн Дүйнөлүк банк бир катар конкреттүү сунуштарды берген:

Бизнес жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөтүү;
Антимонополия мыйзамдарын күчөтүп, мамлекеттик компаниялардын ишин көзөмөлдөө;
Чет элдик инвестицияларды тартууга тоскоолдуктарды жоюу;
Соода жана логистикалык инфраструктураны жакшыртуу;
Адистерди заманбап технологияларга даярдоо.

Мындан тышкары, Кыргызстанда 2025-жылга карата жалпы сугат жерлердин аянты 1 023 миң гектарга жетет бирок, алардын көпчүлүгү оңдоону талап кылат. 2030-жылга чейин 36,9 миң гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлөт деп пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын уруктарын жыйноо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токой кызматы кабарлады. Токой чарбасынын адистери жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, тазалап, кургатып жана сапатына жараша иргеп жатышат. Ошондой эле жыйналган уруктарды сактоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жыйналган уруктар келерки мезгилде көчөтканаларда

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин топурак-химиялык лабораториясы аккредитациядан өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Лаборатория Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунан аккредитацияланып, ага № KG417/КЦА.ИЛ.167 аккредитациялоо аттестаты берилди. Министрликтин маалыматына караганда, лаборатория өлкөдөгү ушул багыттагы мамлекеттик мекемелердин арасында биринчи болуп аккредитациядан өттү. Анда топурактын,

Бишкекте синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду

Бишкекте синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду

“Түндүк” темир жол бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “мефедрон” аттуу синтетикалык баңгизатты Республиканын аймагына мыйзамсыз ташып келүү каналына бөгөт коюшту. Бажы кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-тергөө иш-

Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда көлдүн акваториясынан 3 миң 200 метр эски синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, рейд 14–15-сентябрда министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Синтетикалык торлор балыкты мыйзамсыз кармоодо колдонулганы