КМШнын ТИМ башчылары саясий жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

КМШнын ТИМ башчылары  саясий жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Душанбе шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйында делегация башчылары эл аралык маселелерди талкуулап, КМШнын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты.

Аны менен катар аймактык коопсуздук маселелерине жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Соңунда тышкы иштер министрлери КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңешине кароого сунушталуучу бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты.

Кийинки КМШнын тышкы иштер министрлеринин жыйыны 2026-жылдын 17-апрелинде Калининград шаарында өтөрү белгилүү болду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Жыл башынан бери абаны булгаган унааларга 8,1 млн сом айып салынды

Жалал-Абадда 1 977 үй-бүлө ипотекалык батирлүү болду

Аламүдүн районунда түтүн чыгарган унааларга айып салынды

Баткен шаарында жолдор төрт тилкеге кеңейтилүүдө