Кыргызстан менен ЭКӨУ экономикалык туруктуулук үчүн кызматташат

Кыргызстан менен ЭКӨУ экономикалык туруктуулук үчүн кызматташат

Кечээ, 9-октябрында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ, OECD) Борбор Азия боюнча долбоорунун жетекчиси Стивен Томпсон менен жолугушту. Жолугушууга Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер да катышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен ЭКӨУнүн кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо тууралуу сүйлөшүштү. Талкуу региондук «Борбор Азиядагы критикалык мааниге ээ минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу долбоорунун алкагында өттү.

Жолугушууда салык саясаты, минералдарды жоопкерчиликтүү пайдалануу, ошондой эле экологияны коргоо маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында эки тарап тең биргеликте иштеп, эл аралык тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул кызматташтык Кыргызстандын экономикасын бекемдеп, туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16