Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 200 млн сом кредит бөлүнүүдө

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 200 млн сом кредит бөлүнүүдө

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн жеңилдетилген кредиттер берилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинети 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-т токтому менен «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун» бекиткен.

Долбоорду ишке ашырууда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционерлери катышып, алардын кредиттик көлөмү 200 миллион сомду түзгөн.

2025-жылдын 2-октябрына карата республика боюнча долбоордун алкагында 66 каржылоо субъектине 8,47 миллион сом суммада жеңилдетилген кредиттер берилген.

Бул долбоор аркылуу газдаштыруу иштерин каржылоого шарт түзүлүп, шаар жана облус тургундары үчүн коммуналдык кызматтарга жеткиликтүүлүк жакшыртылат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти