БШК: Парламенттик шайлоого 700 млн сом сарпталат

БШК: Парламенттик шайлоого 700 млн сом сарпталат

Быйыл 30-ноябрда өтө турган мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин шайлоосу үчүн жалпы 700 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Анын ичинен:

БШКнын чыгымдары – 382,8 млн сом. Бул каражат шайлоо участкелерин жабдуу, материалдарды сатып алуу, окутуу, маалыматтарды даярдоо, иш сапарлар жана сый акы төлөөгө кетет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын чыгымдары – 259,2 млн сом. Бул сумма мүчөлөргө жана техникалык операторлорго сый акы, транспорт жана иш сапар чыгымдарын камсыздайт.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо – 58 млн сом. Бул каражат чет мамлекеттерде добуш берүү процессин уюштурууга багытталат.

Шайлоого жалпысынан 29 миңден ашык адам тартылат. Алардын ичинде участкалык жана аймактык комиссиялардын мүчөлөрү, техникалык жабдуулар менен иштеген операторлор жана колдоо персоналы бар.

Мындан тышкары окуңуз

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай Ата көчөсүнүн батыш бөлүгүндөгү каналга мыйзамсыз ташталган курулуш калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта курулуш калдыктары топтолгону аныкталып, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде иштер башталды. Тазалоо иштерине шаар мэриясы республикалык казынанын эсебинен алган жаңы атайын техникалар

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка

Терек-Ташта жергиликтүү бийлик жеке менчик жердеги таштандыларды тазалады

Терек-Ташта жергиликтүү бийлик жеке менчик жердеги таштандыларды тазалады

Чүй районунун Онбир-Жылга айыл аймагына караштуу Терек-Таш капчыгайында топтолгон мыйзамсыз таштандылар толугу менен тазаланды. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Буга чейин социалдык тармактарда аталган аймакта таштанды топтолуп калганы тууралуу маалымат тараган. Терек-Таш капчыгайындагы таштанды ташталган жер тилкесинин жалпы аянты 2 гектарды түзүп, жеке менчикке таандык экени