Чүйдө ишкерлерге жыл башынан бери 1,12 млрд сом кепилдик берилген

Чүйдө ишкерлерге жыл башынан бери 1,12 млрд сом кепилдик берилген

2025-жылдын январь-сентябрь айларында эң көп кепилдик Чүй облусундагы ишкерлерге берилген. Тактап айтканда, 1,12 миллиард сом, бул фонддун жалпы кепилдиктеринин 46%ын түзөт. Бул тууралуу Ekonomist.kg сайты  «Гарантиялык фондго» шилтеме берүү менен жазды.

Экинчи орунда — Талас облусу (142,9 млн сом, 6%), үчүнчүдө — Ош облусу (112,2 млн сом, 5%).

Андан кийинкилер:

Ысык-Көл облусу — 108,8 млн сом (4,1%);
Жалал-Абад облусу — 91,8 млн сом (3,9%);
Ош шаары — 104,2 млн сом (4%);
Нарын облусу — 54,3 млн сом (2%);
Баткен облусу — 53,3 млн сом (2%).

Ошентип, фонд берген бардык кепилдиктердин дээрлик жарымы Чүй облусуна туура келери белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Манас шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Манас шаарында жергиликтүү бийлик менен жеке ишкер Жыргалбек Келдибековдун биргелешкен демилгеси менен калкка жеткиликтүү баада эт жана эт азыктарын саткан муниципалдык дүкөн ишке кирди. Калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, дүкөндө мал жана тай этинин килограммы 770 сомдон сатылууда. Ошондой эле чучук — 1000 сом, бал — 800 сом, бышкан чучук — 1650

Өзгөндө жаңы окуу жылына карата 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөндө жаңы окуу жылына карата 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп, 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилди. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуштун жалпы наркы 109 миллион сомду түздү. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1281 чарчы

Кыргыз-армян инновациялык өнөктөштүгү жаңы багыттар менен толукталат

Кыргыз-армян инновациялык өнөктөштүгү жаңы багыттар менен толукталат

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасян менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Анда академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр жана инновациялык долбоорлорго өзгөчө

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, жыйында логистика, айыл чарба, адал индустрия, текстиль жана дары-дармек тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле тараптар транспорттук байланыштарды жакшыртуу, бажы жол-