IFAD Кыргызстан айыл чарбасына 21 млн доллар бөлөт

IFAD  Кыргызстан айыл чарбасына 21 млн доллар бөлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Рим шаарында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) вице-президенти Донал Браун менен жолукту.

Министр фондго Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүшүнө кошкон көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, IFADдын Кыргызстан экономикасына салган жалпы инвестиция көлөмү 120 млн доллардан ашат.

Жолугушууда IFAD тарабынан каржыланган 21 млн долларлык “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – III” жаңы долбоорунун ишке ашырылышы жана IFAD-14 каржылоо циклинин алкагында анын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кыргыз тарап бул долбоорду тез арада макулдашууга жана 2025-жылдын декабрында IFAD`дын директорлор кеңешинин кароосуна чыгарууга кызыктар экенин билдирди.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири — IFAD`дын расмий өкүлчүлүгүн Бишкек шаарында ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо болду. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту