Казак профессору Е.Утешов тоо кен тармагын өнүктүрүүдөгү негизги 3 чакырыкты белгиледи

Казак профессору Е.Утешов тоо кен тармагын өнүктүрүүдөгү негизги 3 чакырыкты белгиледи

Бишкекте өткөн эл аралык тоо форумунда Д.А.Кунаев атындагы тоо иштери институнун профессору Ержан Утешов илимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк Борбор Азиянын тоо кен жана металлургиялык тармагынын узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүшүнүн өзөгү болушу керектигин баса белгиледи. 

Буга улай ал Казакстан, Кыргызстан экономикасынын фундаменти болгон тоо-метталургиялык комплекси дүйнө рыногунда аттандаштыкты жогорулатыш үчүн бир катар стратегиялык чакырыктарга жооп бериши керектигин билдирди. 

Ал биринчи чакырык – оңой жеткиликтүү болгон кен корлорунун түгөнүп бара жатканы экенин белгилеп, Борбор Азия региону пайдалуу компоненттери аз жана тоо-геологиялык шарттары татаал кен байлыктарды иштетүү этабына өтүп жатканын билдирди.

Экинчи чакырык – экологиялык талаптардын катталданышы жана өнөр жай коопсуздугун жогорулатуу экенин айткан профессор азыркы дүйнө коомчулугу кен өндүрүүчүлөрдөн кен байлыкты өндүрүүнү гана эмес, “жашыл принциптерди” сактоону жана жоопкерчиликтүү өндүрүштү талап кылып жатканын ортого салды.

Үчүнчү чакырык – глобалдык технологиялык жарыш экенин айткан Е.Утешов санариптештирүү, автоматташгтыруу жана жасалма интеллектти киргизүү шартында дүйнөлүк өнөр жай ынтызарлык менен  “акылдуу” өндүрүшкө өтүп жатканын кошумчалады. Инновацияларды киргизбей туруп регионалдык ишканалар аттандаштык артыкчылыгын жана технологиялык коз карандысыздыкты жоготуу тобокелчилигине барып жатышканын айтты. 

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен