Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Ал эми Кыргызстанда баанын өсүшү (0,4%га) белгиленди.

2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 %) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 %га), азык-түлүк эмес товарларга (8,0 %га), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,9 %га) жогорулашы менен шартталган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткен облусунда ветеринардык дары-дармектердин сатылышына жана сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Текшерүү 2-сентябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Баткен облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көчөлөрдө топурактын сапатын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнү министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүзгөн. Жеринде тиешелүү сыноолор өткөрүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн топурактан үлгүлөр алынды. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында топурактын физикалык-

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткен ОИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 43 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу аймактык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бир нече тургун милицияга кайрылып, 2025–2026-жылдары аталган жаран "Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп, жумушка орноштурам" деп ишенимге кирип, ар

Токой чарбасы: Кыргызстан Монголия менен кызматташууну күчөтөт

Токой чарбасы: Кыргызстан Монголия менен кызматташууну күчөтөт

Борбор Азиялык органикалык форумдун жана Улан-Батор шаарында өткөн "Expo0-2026" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Монголиянын Токой кызматы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынан билдиришкендей, документ токойлорду туруктуу башкаруу, жерлерди калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.