Кыргызстанда тоо-кен тармагы 9 айда 17 тонна алтын өндүргөн

Кыргызстанда тоо-кен тармагы 9 айда 17 тонна алтын өндүргөн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 9 айындагы иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Болот Жусупбеков 2025-жылдын 9 айындагы негизги жетишкендиктер тууралуу баяндап, регионалдык башкармалыктардын ишине токтолду. Ал учурда 2 768 субъектке 785,2 млн сом өлчөмүндө төлөмдөр эсептелгенин, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 004 субъект жана 370,4 млн сом көп экенин белгиледи.

Ал эми Кыргызстандын геология кызматынын директору, министрдин орун басары Марат Жусупбеков Тоо-кен жана геология тармагы боюнча баяндама жасады.

Тоо-кен жана геология тармагында 9 айда алтын 17 тонна, көмүр 2,3 млн тонна өндүрүлгөнү маалымдалды. 2021–2025-жылдары сектордун ишканалары мамлекеттик бюджетке 191 млрд сомдон ашык салык жана төлөмдөрдү которушкан. Учурда минералдык ресурстарды пайдаланууга берилген лицензиялардын саны 2 005ке жетип, анын 103ү мамлекеттик ишканаларга берилген.

Жыйындын соңунда ишти эффективдүү жүргүзүүнү жогорулатууга багытталган сунуштар жана сунуштамалар талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Жакартада өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференциянын (WCCE 2026) алкагында Кыргызстан менен Камбоджанын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Беназир Нурланова, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Креативдүү индустриялар паркынын төрагасы Данияр Аманалиев катышты. Камбоджадан - Маданият

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media