ЕАӨБ: Кыргызстанда 395 миң чарчы заманбап кампа курулат

ЕАӨБ: Кыргызстанда 395 миң чарчы заманбап кампа курулат

Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери 23-октябрда Евразия аймагындагы өлкөлөрдөгү кампалык кыймылсыз мүлктөр тууралуу иликтөөсүн ортого алып чыкты. 

Анда 2021-жылдан 2025-жылдын I кварталына чейин Евразия аймагындагы заманбап кампалардын жалпы фонду 44 миллиондон 58 млн квадрат метрге чейин өскөнү жазылган. Ошондой эле документте 2040-жылга чейин бул аймакта 20 млн квадрат метр кампа куруу пландаштырылып жатканы жана анын 1,6 млн квадрат метри Борбор Азияда жайгашары көрсөтүлгөн. 

Кыргызстан жакынкы жылдарда кампалардын аянтын кеңейтүү тизмесинде Борбор Азиядагы үчүнчү мамлекет болгондуктан өлкөдө 395 миң чарчы метр кампа куруу керек болот. 

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу фонунда негизги стратегия өлкөнү транзиттик хабга айлантуу жана акырындык менен эски кампаларды заманбап объектилерге алмаштырууга багытталды”,-делет ЕАӨБ билдирүүсүндө. 

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр "Борбордук лабораториянын" кирешеси 340 млн сомду түзгөн

Былтыр "Борбордук лабораториянын" кирешеси 340 млн сомду түзгөн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасы 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, каржылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүнө жетишти. Финансылык көрсөткүчтөргө ылайык, ишкананын кирешеси 340,1 млн сомду түзүп, бекитилген план 173,7%га аткарылды. Чыгымдар 192,0 млн сомду түзүп, салык төлөөгө чейинки пайда 148,

Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50%дан жогору болгон компаниялар, алардын карамагындагы филиалдар үчүн келишимдерди банктык коштоо боюнча жаңы жобону бекитти. Бул документтин максаты — сатып алуулар учурунда каражаттын пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү, коррупциянын алдын алуу жана ачыктыкты жогорулатуу. Эми мындай уюмдар өздөрүнүн ири сатып алууларын

Чүй облусунда 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда

Чүй облусунда 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда

Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган иштердин алкагында Чүй облусу боюнча 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда- 110/35/10 кВ "Манас II" көмөкчордону; - 220/35/10 кВ "Чуйская&

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 17-февралындагы №61 жарлыгы менен 2026–2034-жылдарга Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны бекитти. Ошондой эле ал программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасын бекитти. Бул чечим калкты футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык катыштырууну камсыз кылуу, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында саламат жашоо