Бишкекте Россия жана Кыргызстан аялдарынын экономикалык форум-диалогу өтүп жатат

Бишкекте Россия жана Кыргызстан аялдарынын экономикалык форум-диалогу өтүп жатат

Бишкек шаарында “Экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн өнөктөштүк: Россия жана Кыргызстан аялдарынын форум-диалогу” өтүп жатат. Форумдун негизги максаты – эки өлкөнүн аялдарынын экономика, илим, бизнес жана социалдык тармактардагы салымын анализдеп, алардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.

Иш-чарага Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов, Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, Кыргызстандагы “Росатом” Мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов, Россиянын Федерация Кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин мүчөсү Ольга Щетинина, “Росатом” аялдар коомунун жетекчиси Александра Рябых, “Кыргызалтын” ААКсы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айша Карпаева сыяктуу көрүнүктүү өкүлдөр, ошондой эле ишкер айымдар, илимпоздор жана коомдук ишмерлер катышууда.

Форумдун ачылышында “Росатом” Мамлекеттик корпорациясынын кадрлар боюнча башкы директорунун орун басары Татьяна Терентьева жана Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин алдындагы Евразия аялдар форумунун кеңешинин төрайымы Галина Карелова видео кайрылуу жасап, форумдун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул форум аялдардын экономикалык активдүүлүгүн арттыруу, аларды өнөр жай жана технологиялык тармактарга тартуу, ошондой эле илимий жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү багытында маанилүү диалогдук аянтча болуп саналат. Катышуучулар туруктуу өнүгүү, кадрдык саясат, илимдеги технологиялык тренддер жана аялдардын стратегиялык тармактардагы ролу тууралуу тажрыйба алмашышат.

Адистер белгилегендей, мындай форматтагы жолугушуулар эки өлкө ортосундагы экономикалык жана социалдык байланыштарды чыңдоого, жаңы өнөктөштүк долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.  

Форум алкагында Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын катышуусунда бир катар келечектүү биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашыруу пландалып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media