Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин С5+1 форматындагы саммитке чакырды

Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин С5+1 форматындагы саммитке чакырды

 АКШ лидери Дональд Трамп Борбордук Азия лидерлерин Вашингтонго C5+1 саммитине чакырганын Казакстан президентинин басма сөз кызматы жазды. Ал маалыматта  Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган Борбордук Азия-АКШ саммитине (C5+1 форматында) чакырганы айтылат. 

Эске салсак мындай форматтагы саммит 2023-жылы Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында өткөн. 

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү Серхио Гор жана Мамлекеттик катчынын орун басары Кристофер Ландау 26-30-октябрь күндөрү Өзбекстан менен Казакстанга иш сапары менен барарын жарыялаган. 

Өз кезегинде Казакстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдө Астана менен Вашингтондун ортосундагы мамилелердеги аймактык жана эки тараптуу маселелер, ошондой эле аймактык коопсуздук, соода, экономика жана C5+1 форматындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелери караларын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media