Президент Улуттук банк төрагасына алтын куймаларын документсиз сатууну буйруду

Президент Улуттук банк төрагасына алтын куймаларын документсиз сатууну буйруду

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имараты менен таанышуу учурунда банк төрагасы Мелис Тургунбаевден финансылык көзөмөлдөөчү орган алтын куймаларын кандай сатып жатканын сурады.  

Улуттук банк төрагасы алтындын кымбатташы менен алтын куймаларына суроо-талап жогорулап жатканын билдирди. Ошондой эле өлкө башчы “Кыргызалтындын” баалары менен Улуттук банктын алтын куймаларына болгон бааларынын айырмачылыгына, банк алтын куймаларын сатууда жарандардан документ сурап же сурабай жатканына кызыкты.  

Банк төрагасы “Кыргызалтын” алтын куймаларынын баалары 200 сомго арзан экенин жана банк жарандардын документин талап кыларын айтты. 

Президент “Кыргызалтын” документ талап кылбагандыктан алардын алтыны жакшы сатылып жатканын, бир жыл ичинде аталган мекеме дүкөнүнүн ачылышына кеткен 300 млн сом чыгымды жаап койгонун  билдирди. Ошондой эле С.Жапаров алтын куймаларын документсиз сатууну буйруду. 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500