Эт продукциясына байланыштуу жаңы өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды

Эт продукциясына байланыштуу жаңы өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды

Экономика жана коммерция министрлиги Бажы биримдигинин «Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин №2 өзгөртүүлөр долбоору коомдук талкууга чыгарылганын маалымдайт.

Документ Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтында жарыяланган: https://regulation.eaeunion.org/pd/3240/

Коомдук талкуунун аяктоо күнү — 2026-жылдын 17-январы. Сунуштар жана пикирлер төмөнкү жолдор менен кабыл алынат:

  • Жазуу жүзүндө: 119121, Москва ш., Смоленский бульвары, 3/5, стр. 1;
  • Электрондук почта аркылуу: dept_techregulation@eecommission.org;
  • Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтындагы жеке кабинет аркылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алар иштеп жаткан эски имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министрдин айтымында, өлкө боюнча ведомствого караштуу бардык административдик имараттар акырындап жаңыланууда.

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстанда жаңы Салык кодексинин нормалары боюнча иштөөгө даярдык көрүлүп жатат. Ал 2026-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Өлкөнүн айрым ишкерлери бул жаңы нормалар орто класска жана экономикага сокку болот деп айта башташты. Ал тургай казак ишкерлери муну “чакан жана орто бизнеске каршы глобалдык саясат” дешип, документти “жазалоочу китеп” атап жиберишти.  Казакстандын

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстаннын тышкы соода жүгүртүүсү 11,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3%га азайды. Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 18,9%, импорттун үлүшү 81,1% болуп белгиленди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тышкы жана өз ара сооданын төмөндөшү экспорттун да, импорттун

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 42 757 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,9 %га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын январь-сентябрь номиналдык