Касымалиев: Кыргызстандын ИДПсы 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жетет

Касымалиев: Кыргызстандын ИДПсы 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жетет

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук өнүктүрүү форумунда өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө акыркы жылдары олуттуу жылыштар болгонун белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Акыркы үч жылда орточо экономикалык өсүү 9%дан ашты. 2025-жылдын 9 айында ИДПнын өсүү темпи 10%га жетти. 2024-жылы ИДПнын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Ал эми 2025-жылдын аягына карата бюджеттик ресурстар 1 триллион сомго жетет”, — деди Касымалиев.

Ал ошондой эле, президент Садыр Жапаров бекиткен 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы— экономиканы бекемдөө, элдин жашоо сапатын жогорулатуу жана башкаруу системасын жаңылоого багытталганын белгиледи.

Программанын негизги максаттары:

Калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин жеткирүү;
ИДП көлөмүн 30 млрд доллардан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу;
Орточо жылдык реалдуу өсүштү 8% деңгээлде сактоо;
Адамдык өнүгүү индексин жогорулатуу жана жумушсуздукту 5%дан төмөн кармоо.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн 919 иш-чараны камтыган беш жылдык план даярдалууда.

“Ар бир чара мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө жана элдин жыргал жашоосуна кызмат кылууга тийиш. Кыргызстан гүлдөп-өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүгө толук даяр”, — деди жыйынтыгында Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бүгүн, 14-январда саат болжол менен 09:50дө Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 428-чакырымында мазут ташыган бензовоздун рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго оодарылып кеткен. Бул тууралуу Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Кесепеттерден жабыркагандар катталган жок. Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынын №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан

Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилери камалды – зыян 182 млн сом

Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилери камалды – зыян 182 млн сом

Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоорунда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. 2015-жылы долбоор үчүн кредиттик негизде 22 млн евро бөлүнгөн. Аудиттин натыйжасында бюджетке 182 млн сом алдын ала зыян келтирилгени аныкталды. Тергөө учурунда Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А.

Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

2025-жылы 715,7 млн доллар инвестиция тартылып, аймактарда 8 миң 471 жаңы жумуш орду түзүлгөнүн Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр мамлекет тарабынан коюлган тапшырмалардын аймактык деңгээлде жакшы аткарылып жатканынан кабар берет. 2025-жылы өлкөнүн ар бир

Ысык-Көл, Соң-Көлгө быйыл 17,6 млн чабак кое берилет

Ысык-Көл, Соң-Көлгө быйыл 17,6 млн чабак кое берилет

2026-жылы Ысык-Көлгө 14,1 млн чабак, 3,5 млн чабак Соң-Көлгө кое берилерин Кыргыз Республикасынын президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда билдирди. Анын айтымында, Президенттин демилгеси менен жана жеке көзөмөлүндө Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон тазалоо иштери улантылып жатат. "Бул аралыкта тонналаган торлор алынган. Көлгө тор салгандарга