Финансы министрлигинде АӨБ жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун жыйынтык обзору болду

Финансы министрлигинде АӨБ жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун жыйынтык обзору болду

24 жана 29-октябрь күндөрү Финансы министрлигинде 2025-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) жана Дүйнөлүк банктын (ДБ) долбоорлорунун портфелдерине арналган кезектеги обзорлор болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Финансы министринин орун басары Н.А. Акжолов, АӨБдин Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, ошондой эле министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Жыйында мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Портфелдик кароонун негизги максаты – долбоорлордун аткарылышын комплекстүү баалоо, тартылган каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын аныктоо, ошондой эле алардын ишке ашырылышынын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Обзорлордун жыйынтыгында катышуучулар эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте долбоорлордун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө электр энергиясын камсыздоо үчүн 12 кошумча трансформатор орнотулду

Чүйдө электр энергиясын камсыздоо үчүн 12 кошумча трансформатор орнотулду

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Чүй облусунда кошумча трансформатордук көмөкчордондорду (ТКЧ) орнотту. Атап айтканда, төмөнкү айылдарда ТКЧ орнотулду: * Сокулук районунун Нижний-Чүй айылы – 1 даана, * Ак-Ордо жаңы конушу – 4 даана, * Панфилов району: Орто-Арык жана Панфилов айылы – ар бирине

Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бүгүн, 14-январда саат болжол менен 09:50дө Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 428-чакырымында мазут ташыган бензовоздун рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго оодарылып кеткен. Бул тууралуу Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Кесепеттерден жабыркагандар катталган жок. Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынын №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан

Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилери камалды – зыян 182 млн сом

Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилери камалды – зыян 182 млн сом

Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоорунда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. 2015-жылы долбоор үчүн кредиттик негизде 22 млн евро бөлүнгөн. Аудиттин натыйжасында бюджетке 182 млн сом алдын ала зыян келтирилгени аныкталды. Тергөө учурунда Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А.

Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

2025-жылы 715,7 млн доллар инвестиция тартылып, аймактарда 8 миң 471 жаңы жумуш орду түзүлгөнүн Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр мамлекет тарабынан коюлган тапшырмалардын аймактык деңгээлде жакшы аткарылып жатканынан кабар берет. 2025-жылы өлкөнүн ар бир