Чүйдө электр энергиясын камсыздоо үчүн 12 кошумча трансформатор орнотулду

Чүйдө электр энергиясын камсыздоо үчүн 12 кошумча трансформатор орнотулду

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Чүй облусунда кошумча трансформатордук көмөкчордондорду (ТКЧ) орнотту.

Атап айтканда, төмөнкү айылдарда ТКЧ орнотулду:

  • Сокулук районунун Нижний-Чүй айылы – 1 даана,
  • Ак-Ордо жаңы конушу – 4 даана,
  • Панфилов району: Орто-Арык жана Панфилов айылы – ар бирине 1 даана,
  • Кемин району, Алмалуу айылы – 1 даана,
  • Кант шаары – 2 даана,
  • Москва району, Ак-Суу айылы – 1 даана,
  • Аламүдүн району, Лебединовка айылы – 1 даана.
Жалпы облус боюнча 12 даана кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулду.

Бул иштер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады