Келечекте Суусамырдагы алтыгана бадалын кайра иштетип, тоют, жер семирткич чыгарылат

Келечекте Суусамырдагы алтыгана бадалын кайра иштетип, тоют, жер семирткич чыгарылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын  Ганьсу провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегация менен жолукту. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Анда жашылча-жемиштердин жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн өндүрүү боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. 

Маселен, Ганьсу провинциясы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен Кытайдын 70 пайызын камсыздайт жана илимий изилдөө институттары менен да белгилүү. 

Ошондуктан жолугушууда Кыргызстандын Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана бадалы менен күрөшүү маселеси сөз болду. Анда жайыттарды ээлеп жаткан тикендүү алтыгана бадалын жок кылуу гана эмес, аны кайра иштетүү жолу менен тоют жана жер семирткич чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана куруу сүйлөшүлдү. 

Ошондой эле картошка өстүрүүдө Кыргызстанды Кытайдын атайын техникалары менен камсыздоо, тажрыйба алмашуу жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media