2025-жылдын III чейрегинде КРда нак акчанын жүгүртүлүшү көбөйдү

2025-жылдын  III чейрегинде КРда нак акчанын жүгүртүлүшү көбөйдү

2025-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 290 191,1 млн сомду түзгөн, анын ичинен 26 648,5 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 263 542,5 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиге салыштырганда 51 785,6 млн сомго же 24,5 пайызга көбөйгөн). КРнын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2025-жылдын III - чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 1 486 195,6 млн сом келип түшкөн, бул көрсөткүч 2024-жылдын III - чейрегине салыштырганда 63 799,9 млн сомго же 4,5 % көп. 

Коммерциялык банктар мекемелеринин кассаларына нак акчанын келип түшүүсүнүн өзгөрүүсү, төмөндө келтириген 1-графикте чагылдырылган:

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2025-жылдын III - чейрегинде 1 504 911,0 млн сом берилген, бул 2024-жылдын III - чейрегиндегиге салыштырганда 66 889,8 млн сомго же 4,7 % көп.  Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаларды берүүдөгү өзгөрүүлөр, төмөндө келтирилген 2-графикте чагылдырылган:

 Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2025-жылдын III -чейрегинде 98,8 % түзгөн (2024 жылдын III - чейрегине салыштырганда 0,1 пайызга азайган).

Коммерциялык банктардын кассаларына 2025-жылдын III-чейреги ичинде акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү, төмөндө келтирилген таблицада чагылдырылган:

 Аймактар

2024-жылдын  III чейреги 

2025-жылдын  III чейреги 

Четтөөлөр 

Бардыгы болуп республика боюнча: 

98,9 

98,8 

-0,1 

Бишкек шаары 

100,1 

100,0 

-0,1 

Баткен обл. 

100,2 

100,5 

0,3 

Жалал- Абат обл. 

95,3 

94,8 

-0,5 

Ысык-Kөл обл. 

97,9 

98,5 

0,6 

Нарын обл. 

96,2 

96,1 

-0,1 

Ош обл.  

100,3 

100,1 

-0,2 

Ош шаары 

96,3 

95,2 

-1,1 

Талас обл. 

93,8 

94,6 

0,8 

Чүй обл.  

99,6 

100,2 

0,6 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media